Май айындагы эс алуу күндөрү Жалал-Абадда 87 мас айдоочу кармалды

Май айындагы эс алуу күндөрү Жалал-Абадда 87 мас айдоочу кармалды

Май айындагы каникулда Жалал-Абад облусунжа 87 айдоочу мас абалда унаа башкарып жүргөнү аныкталган.КРнын Ички иштер министрлигинин жол  кыймылынын  камсыздоо башкы башкармалыгынын  (УГАИ) берген маалыматында эс алуу күндөрү инспектордор күчөтүлгөн тартипте иш алып барышкан.

“Жалал-Абад облусунун аймагында 1-майдан 10- майга чейинки аралыкта жол кыймылын тескеген инспекторлор жол эрежесин бузган 5188 айдоочуну аныктап, аларга админстративдик протоколдорду түзүшкөн. Алардын ичинен унаанын эч кандай документи жок башкарып жүргөн 168 киши аныкталса, 523 киши унаасын карама каршы тилкеде айдаган. 53 айдоочу унаасынын тиешелүү уруксат кагаздары жок эле алдыңкы айнектерин караңгылатып алса, 7 айдоочу автоээнбаштык жасаганы аныкталган. Жолду туура эмес кесип өткөн 74 жөө жүргүнчүгө мыйзам чегинде чара көрүлсө, 5 айдоочу унаасына жасалма номер тагып алып жүргөн. Ал эми, спирт ичимдигин ичип алып рулга ээ болгон 87 айдоочу аныкталып, одоно мыйзам бузган  291 айдоочунун унаасы айып короо жайына киргизилген”-,деп айтылат мекеменин маалыматында.