Базар-Коргондо таштандыдан жарым жартылай өрттөлгөн жансыз дене табылды
Аны өлтүрүүгө шектелип 18 жана 20 жаштагы балдар кармалды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей 9-декабрь күнү Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 1992-жылы туулган М.М. аттуу жолдошу, 2024-жылдын 21-ноябрь күнү саат 09:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын айтып кайрылган.
Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөө тапшырмалары берилип, териштирүү иштери башталган.
Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 2024-жылдын 13-декабрь күнү Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылына караштуу Чарбак айылынын таштанды таштаган жардын ичинен белгисиз жарандын жансыз денесин кездемеге оролуп, күйгөн абалда табылган.
2024-жылдын 14-декабрь күнү жансыз дене таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, аны таанып кароо жүргүзүү максатында, арыз менен кайрылган 1997-ж.т. К. кызы М. алып келген учурда, ал жансыз дене 1992-ж.т. М.М. аттуу дайынсыз болуп жаткан жолдошу экендигин кийип жүргөн кийимдеринен таанып билген. Ал эми кароо учурунда жансыз дененин алтымыш жеринде учтуу нерсе менен сайылып, кескиленген жаракаттары аныкталган.
Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
2024-жылдын 14-декабрь күнү кылмышка шектүү катарында Жалал-Абад шаарынын 2006-ж.т. Д.Х. жана 2004-ж.т. М.А. аттуу тургундары кармалып, камакка алынган.
Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө, шектүүлөр менен каза болгон жарандын ортосунда акча тууралуу пикир келишпестиктер пайда болгондугу жана дагы бир жарандын окуяга катыштыгы бар экендиги маалым болгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
"Акыйкат"