Жалал-Абад: коргонуу, укук тартип, коопсуздук маселелери боюнча координациялык кеңешмеси болду

Жалал-Абад:  коргонуу, укук тартип, коопсуздук маселелери боюнча координациялык кеңешмеси болду

Бүгүн, 31-июлда Жалал-Абад шаарынын коргонуу, укук тартип, коопсуздук маселелери боюнча координациялык кеңешмеси болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, укук коргоо органдарынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. 

Координациялык кеңешмеде төрт маселе каралды: 

1. Жерди мыйзамсыз, өз билемдик менен басып алууга каршы күрөшүү.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылган иш-аракеттер. 
3. Жалал-Абад шаарынын аймагында баңгичиликтин алдын алуу жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү. 
4. Диний экстремизм жана конфессиялар аралык чыр-чатактарды болтурбоо жана алдын алуу. Шаардын аймагында диний кырдаал боюнча.

Кеңешменин жүрүшүндө шаар мэри жерлерди мыйзамсыз ээлеп алынгандарга  укуктук баа берүү, айыл чарба агытындагы өз билемдик менен ээлеп алган жерлерди кайтаруу тапшырмасын берди. 

Ошондой эле, өлкөнүн келечеги болгон жаштар арасында учурда аптекалык наркомания күч алгандыгын белгилеп, бул көйгөй менен шаар бмйлиги, укук коргоо органдары, агартуучулар жана ата-энелер биргеликте күрөшүүсү зарылдыгын белгиледи жана бул багыттап тиешелүү алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.