Жала-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Жеңиш Байзаков дайындалды

Жала-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Жеңиш Байзаков дайындалды

Эми Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүн 46 жаштагы Жеңиш Байзаков жетектейт. Аны бүгүн шаар мэри Эринсбек Ормоков мектеп директорлоруна жана бала бакчалардын жетекчилерине тааныштырды.
Байзаков Жеңиш Каарбаевич, 1979-жылы туулган.
2003-жылы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин англис тили жана адабияты адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-жылы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде баштаган.
2014-жылдын сентябрынан Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулдук каанасынын башчысы.
2015-жылдын апрель айынан баштап башчынын орун басарлыгына дайындалган.
2022-жылы "Ош Курманжан Датка" атындагы лицейинин директору, 2024-жылы Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек баатыр" атындагы балдар лицейинин директору болуп дайындалып, ушул мезгилге чейин аталган лицейди жетектеп келген.

Буга чейин, шаардык билим берүү уюмун Ырысбек Калчаев жетектеп келген. Ал 2 ай алдын өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Кошумчалай кетсек, учурда Жалал-Абад шаарынын аймагында жалпы 29 муниципиалдык мектеп ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Калаа тургундары үчүн дагы 10го жакын мектепке зарылчылык бар.