Бүгүн билим күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата Жалал-Абад шаарындагы №14 Сатыбалды Давлетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 700 орундуу кошумча имаратынын ачылышы өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад
облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, ошондой эле шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.
Салтанатта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы окуу жылынын башталышы менен мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди куттуктады. Ал ошондой эле өлкөнүн билим берүү тармагында көрүлүп жаткан иштерге токтолуп, эскилиги жеткен мектептерди жаңылоо боюнча тийиштүү иш аракеттер улантыларын белгиледи.
Бүгүн Жалал-Абад облусунун аймагындагы 485 мектепте билим күнү белгиленди. 2025–2026-окуу жылына карата 16 мектептин жаңы имараты, 4 мектептин кошумча имараты, 2 спорт зал жана 1 мектептин актовый залы пайдаланууга берилди.