Тогуз-Тородо жаш ойлоп табуучу тамчылатып сугарууну телефон аркылуу башкарууну орнотту

Тогуз-Тородо жаш ойлоп табуучу  тамчылатып сугарууну телефон аркылуу башкарууну орнотту

Мындай өзгөчөлүк “2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясы” алкагында “Тогуз-Торо Жаштар бизнес-акселератор” сынагында белгилүү болду. Анда аталган эмгектин автору “БББ Датка" Тамчылатып сугарууну телефон аркылуу башкаруу менен орнотуунун” автору Жумадил уулу Байбешимдин эмгеги короого орнотулуп иш жүзүндө иштеп жатканы менен тааныштырып жеңүүчү деп табылып, жергиликтүү бийлик тарабынан 60 миң сом акчалай сыйлык берилген.

Ушул тапта инновациялык долбоор райондун Ленин айылынын тургуну Асранкул уулу Нурчоронун жашылча жемиштерди өстүргөн короосуна орнотулуп, суу үнөмдүү пайдаланууда.

Район акими Манас Мураталиев жаш ойлоп табуучунун эмгегин район ичинде дыйкандарга жайылтуу жана колго алуу боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек 2024-жылы Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиевдин демилгеси менен инновациялык ойлоп табуучулук боюнча сынак жарыялан
ган.

Ага район боюнча жалпы 9 долбоор тандоо этабына өтүп, ар бир катышуучу өздөрүнүн долбоорлорун жакташкан болчу.