Манас шаарында “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форуму өттү (сүрөт баян)

Манас шаарында “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форуму өттү (сүрөт баян)
Бүгүн Манас шаарындагы “Азаттык” аянтында “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” аталышындагы жаштар форуму өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.
Ошондой эле КРнын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров, “Евразия Кей Джи” коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова, шаар мэри Абдупата Маткалимов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, коомдук жана диний ишмерлер, ошондой эле облус аймагынан келген беш миңден ашуун жаштар жана тургундар катышты.
Форумдун жүрүшүндө облус башчысы Тилек Текебаев өлкөдө жаштар саясатына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, бул багытта билим берүү системасын өнүктүрүү, инновацияларды колдоо жана жаш ишкерликти өркүндөтүү боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, жаштар мамлекеттин келечеги болуп саналат жана алардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет.
Мындан тышкары, облус аймагында жаңы социалдык мекемелеринин курулушу, жогорку окуу жайларында ачылып жаткан жаңы адистиктер жана жаштар үчүн чет өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жакшырып жатканын кошумчалады.
Форум азыркы учурда жарманке жана концерттик праграммалар менен коштолууда.