Стратегиялык мааниге ээ болгон “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруу маселелерине арналган жолугушуу болуп өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” биргелешкен ишканасынын жаңы дайындалган башкы директору Чэнь Вэйгэн катышты.
Жолугушууда долбоордун учурдагы жүрүшү, аткарылып жаткан иштер, курулуш процессин уюштуруу жана өз ара кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана курулуш убагында экологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелерин, курулуш мыйзамдарынын сакталышы боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Облус башчысы Тилек Текебаев долбоордун алкагында жүргүзүлүп жаткан жумуштарды өз убагында жана сапаттуу аткаруу, жаралган маселелерди ыкчам чечүү, ошондой эле бардык тараптардын ортосунда тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле, Чень Вейген ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыйгарым укуктуу өкүлгө ыраазычылык билдирди.