Манаста 10 чакырымга жакын саркынды суу куурлары алмашылат
Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаар аймагында жүргүзүлүп жаткан магистралдык саркынды суу куурларын тартуу иштеринин жүрүшүн жеринде текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр чоң диаметрдеги саркынды суу куурлары Манас шаарына узак мөөнөттүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүсү үчүн, аларды жаткырууда куурлардын айланасын жетиштүү өлчөмдө кум менен толтуруп, андан кийин гана шагыл жана топурак менен көмүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле, шаар аймагындагы бардык курулуш иштери жеке көзөмөлүндө экендигин айтып, курулуш объектилерин күн сайын текшерип турууну улантарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 200 млн сом каражаттын эсебинен диаметри 300, 500, 600 жана 1000 мм болгон саркынды суу куурлары жалпысынан 10 чакырымга жакын аралыкка тартылат.




