Сузак районунун Кара-Жыгач айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Сузак районунун Кара-Жыгач айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди
Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында 75 орундуу, эки кабаттуу, заманбап “Үрүлха-Эне” атындагы бала бакчанын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Аталган бала бакча жергиликтүү айыл тургуну Жеңишбек Токторбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен курулган. Социалдык объекттин курулушуна жалпысынан 39 миллион сом каражат жумшалган.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев жаңы социалдык мекеменин курулушу келечек муундун татыктуу билим жана тарбия алуусуна багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи. Ошондой эле демөөрчүнүн эл үчүн кошкон салымын жогору баалады.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 22 мектеп жана 23 бала бакча пайдаланууга берилди. Натыйжада облустун мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен камтуу көрсөткүчү 50,3 пайызга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 4,4 пайызга өстү.