Облус башчысынын Жаңы жылдык балаты майрамы өттү (сүрөт баян)

Облус башчысынын Жаңы жылдык балаты майрамы өттү (сүрөт баян)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.
Иш-чара Азаттык аянтында орнотулган башкы балатынын жанында башталып, облус башчысы майрамга келген балдарды Жаңы жыл менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин билдирди.
Жаңы жылдык салтанатка облус аймактарынан келген жалпы 150 бала катышты. Алардын арасында мыкты окугандар, ата-энесинен ажыраган, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана аскердик кызмат өтөө учурунда каза болгон жарандардын балдары жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү бар.
Андан соң майрамдык программа уланып, облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын чыгармачылык жамааты тарабынан сахналаштырылган жомок тартууланды. Иш-чаранын алкагында балдарга облус башчысы Жаңы жылдык белектерин тапшырылды.