Жалал-Абад: базардагы өрт толугу менен курчоого алынды

Мындай маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын бөлүм башчысы Чынарбек Шекенов маалымдады. Белгилүү болгондой, ушул тапта тилсиз жоодон 10 чакты дүкөндү өрт жалмап, 2 киши жараат алган.
«Саат 11:40ка карата базардагы өрт толугу менен курчоого алынды. Ушул тапта куткаруучулар өрттү толугу менен өчүрүп жатат. Азырынча ондой дүкөн күйгөнү айтылууда. Кырсыктан 2 киши жараат алып, тез жардам менен бейтапканага жеткирилди. Алардын бири колун кесип алса, экинчиси түтүнгө ууланган. Ушул тапта жеринде куткаруучулар, коомдук коопсуздук кызматы жана медицина кызматкерлери биргеликте иш алып баруудабыз. Өрт өчүрүлөр замат атайын жумушчу топ ишин баштайт. Алар өрттүн себебин, чыгымын эсептеп чыгышат. Азыркы тапта негизги себеп электр тогунун кыска туташуусу деп болжолдоп жатабыз»,-деди ал.
Окуя болгон жерге Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков келип, маалымат алышты.
Облус жетекчиси тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилгенин, кырсык боюнча жеке өзү көзөмөлдөп жатканын билдирди.
Аны менен бирге ал буга чейин базарда ар кандай алдын алуу чаралары көрүлгөнүн, бирок сатуучулардын кайдыгер мамилесинен кырсын орун алганын айтты.