Тогуз-Тородо 16 МВА 110/35 кВ “Чет-Булак” көмөк чордону ишке берилди.

Тогуз-Тородо  16 МВА 110/35 кВ “Чет-Булак” көмөк чордону ишке берилди.

Саамалыкка Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев, район акими Манасбек Мураталиев, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруучу компаниянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты. Аким өз сөзүндө бул көмөк чордон Улуу жибек жолунун башаты Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна зарыл болгон электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн курулду.

«Райондун Чет-Булак айылында курулган 16 МВА 110/35 кВ “Чет-Булак” көмөк чордону Нарын ЭТИна тийиштүү 110 кВ “Жетиген-Ала-Буга” аба чубалгысынан электр энергиясы менен камсыз болуп пайдаланууга берилди.

Бул долбоор “Кыргызстан УЭТ” ААКсы жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруучу компаниянын ортосундагы келишиминин негизинде, темир жол куруу үчүн аталган көмөк чордондорго Нарын электр тармактар ишканасынан керектүү кубаттуулук берилип, мөөнөтүнөн эрте бүткөрүлүп, ишке берилди»,-дейт аким М. Мураталиев.