Жалал-Абад облусунда 2026 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өттү

Энергетика министрлигинин алдыдагы 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү боюнча коюлган тапшырмасына ылайык “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 0,4-6-10 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарында жумуштар мерчемделген планга ылайык жүргүзүлүүдө.
Алсак, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 12 район электр тармактарында азыркы күнгө чейинки жасалган жумуштардын көлөмү 70 пайызды түзөт. Жалал-Абад облусу боюнча 359 даана трансформатор жана 369,82 чакырым 6-10 кВ аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн өттү.
Алар:
-Ала-Бука РЭТи - 31,8 чакырым аба чубалгы, 44 даана трансформатор;
-Аксы РЭТи -40,7 чакырым аба чубалгы, 36 даана трансформатор;
-Базар-Коргон РЭТи - 38,8 чакырым аба чубалгы, 40 даана трансформатор;
-Жалал-Абад РЭТи - 27,8 чакырым аба чубалгы, 17даана трансформатор;
-Кара-Көл РЭТи - 12,0 чакырым аба чубалгы, 14 даана трансформатор;
-Көк-Арт РЭТи - 23,0 чакырым аба чубалгы, 36 даана трансформатор;
-Майлуу-Суу РЭТи - 6,7 чакырым аба чубалгы,8 даана трансформатор;
-Ноокен РЭТи - 92,4 чакырым аба чубалгы, 29 даана трансформатор;
-Сузак РЭТи - 47,2 чакырым аба чубалгы, 53 даана трансформатор;
-Таш-Көмүр РЭТи - 7,0 чакырым аба чубалгы, 25 даана трансформатор;
-Токтогул РЭТи - 43,3 чакырым аба чубалгы, 49 даана трансформатор;
-Чаткал РЭТи - 8 даана трансформатор;
Алдыда ноябрь айына чейин 213 даана трансформатор, 170,18 чакырым 6-10 кВ аба чубалгы оңдоодон өткөрүлөт.
Мындан тышкары облустагы баардык район электр тармактарынын аткарган жумуштарынын жыйынтыгында бүгүнкү күндө 2026 даана трансформатор жана 4180,82 чакырым 0,4-6,10 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Дагы алдыда күз айларына чейин 1273 даана трансформатор, 2546,9 чакырым 0,4-6-10 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://jpes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. О.э. “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет. Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча чалуу-борборуна төмөндөгү номерлерге кайрылыңыз. 105, 1209, 0772 00 1209,0556 00 1209, 0702 00 1209 (ватсап).