Жалал-Абадда экотакси кызматы иштеп баштады

Жалал-Абадда  экотакси кызматы иштеп баштады

Шаар мэриясынын колдоосу менен “Спарк Юг” компаниясы тарабынан калаада экотакси кызматы иштеп баштады. Ал үчүн 30 даана электр унаалары сатып алынып, 10 даана электр унааларын кубаттоочу жабдуулар орнотулду.

Электр унааларын кубаттоочу жайлардын ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, экологиялык маселелерди чечүүгө жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду шаар бийлиги ар дайым колдой тургандыгын белгиледи.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэриясы 10 даана электр кубаттагычты орнотуу үчүн муниципалдык жер тилке бөлүп берген.

Жалал-Абадда жашыл экономикага басым жасалып жаткан алгачкы долбоор эмес. Буга чейин шаар бийлиги 10 даана электробустарды сатып алып, алар калкка кызмат көрсөтүп жатат. Жергиликтүү бийликтер бул демилгени алдыңкы жылдары улантуу дымагы бар экенин айтышат.