Жалал-Абадда 30дан ашык соц кызматкерлер окутуудан өтүп жатышат

Жалал-Абадда 30дан ашык соц кызматкерлер окутуудан өтүп жатышат

Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Назира Жакыпова алар балдарды колдоо үчүн жумушка жаны кабыл алынган социалдык кызматкерлер экенин айтат.

5 күндүк окутууга дубандагы район шаарлардан жумушка жаңы кабыл алынган 30 кызматкер тартылган. Окутуу 3 этап менен жүргүзүлөт. Андан соң кызматкерлер мамлекеттик коргоого муктаж болгон балдарды социалдык коштоону жүзөгө ашыруу боюнча иш алып барышат.

Эске салсак, К.Рнын Президентинин 2025-жылдын 25-январындагы N23 "Балдарды социалдык коштоо боюнча социалдык кызматкерлер жонундо" жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министирлигинин жаңы жумуш орундарын түзүп, бул жааттагы кызматкерлерди жумушка кабыл ала баштаган.