Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз ХХII - сессиясы “Элдик Курултайды өкөрүү жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII - чакырылышынын кезексиз ХХII - сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 1 - ТОКТОМУ 4-октябрь 2023-жыл
“Элдик Курултайды өкөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 Жарлыгы менен аныкталган 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга айыл аймагындагы делегаттарды шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин бекитип берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” 2023-жылдын 29-августундагы № 215 Жарлыгы менен аныкталган 2023-жылдын 15-декабрындагы өтүүчү Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин, делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык бекитип берүү максатында Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” 2023-жылдын 29-августундагы № 215 Жарлыгы аткарууга алынсын.
- Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин чечимине ылайык Бүргөндү айыл өкмөтүнүн калкынын санына карата курултайдын делегаттарынын жалпы саны 100 (жүз) делегат болуп белгиленсин жана шайлансын.
- Элдик курултайдын делегаттарды шайлоо боюнча тиешелүү аймактарды бөлүктөргө бөлүү ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү нормалары тиркеме менен бекитилсин.
- Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобу түзүлсүн:
-А. К. Кубатбековов – жергиликтүү кеңештин төрагасы, жумушчу тобдун төрагасы
Мүчөлөрү:
- Т. Аташов – аксакалдар кеңешинин төрагасы.
- А. Ибрайимова – АДК уюмунун кызматкери .
- А. Киргизов – жергиликтүү кеңештин депутаты.
- З. Каримов - Аскердик каттоо столунун инспектору.
7.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Толубаевге милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков