Жалал-Абадда апта ичинде мас абалда унаа башкарган 64 айдоочуга чара көрүлдү

Жалал-Абадда апта ичинде мас абалда унаа башкарган 64 айдоочуга чара көрүлдү

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, узаган аптада инспекторлор жол кыймылынын эрежесин бузган 2566 айдоочуга админстративдик протоколдорду толтурушкан.

«14-апрелден 20-апрелге чейинки аралыкта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган инспекторлор эреже бузган 2566 айдоочуга протоколдорду толтурушту. Алардын ичинен 959 айдоочу белгиленген ылдамдыкташ ашыра айдаса, 45 айдоочу унаанын техникалык каттоо күбөлүгү жок же айдоочулук күбөлүгү жок башкарган. 86 айдоочу унаанын карама-каршы тилкеге чыгарып башкарса, 64 айдоочу мас абалда рулга ээ болгон. 13 айдоочу эч кандай уруксаат кагазы жок эле унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатып алган. Соңунда 157 айдоочунун унаалары атайын айып короо жайына токтотулган»,-деп айтылат маалыматта.