Аксыда Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделүүдө

Аксыда Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу 
жергиликтүү тургундар билдирди. 
Алардын айтымында, окуя 2026-жылдын 5-апрелинде кечке жуук Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында болгон. Дарыянын жээгинде суу аз болгондуктан жаш балдар ойноп жүрүшкөн.
«Кечээ түштөн кийин 2018-жылы туулган бала сууга агып кетти деген маалымат тарады. Ошол учурдан бери айылдаштар, куткаруучулар тобу менен бирге издеп жатабыз. Балдар дарыяда суу аз болгондуктан жээкте ойноп жатышкан экен. 8
жаштагы бала иниси менен бирге болгону айтылып жатат. Кичинекей иниси бейтапканада экени айтылууда. Азыр 30 чакты ыктыярчы, 10 чакты куткаруучу Нарын дарыясынын жээгинде иш алып барып жатышат», - дейт айыл тургуну.
Бул маалыматта ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан тастыкташты. 
2026-жылдын 6-апрель күнү издөө-куткаруу иштерин улантуу максатында Аксы району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 16 куткаруучу, 1 учкучсуз учуучу  аппарат жана 3 кайык тартылды. Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен 70тен ашык адам тартылды.  Издөө иштерин жеңилдетүү максатында райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы ыкчам чараларды кабыл алып,  Үч-Коргон ГЭСи менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Нарын дарыясындагы суунун көлөмүн азайтуу боюнча макулдашууга жетишилди. Анын негизинде суу 6-апрель күнү саат 08:00дөн тартып азайтыла баштап, саат 10:00гө  суунун деңгээли нормадан болжол менен 2–2,5 метрге төмөндөдү. Сууну азайтуу иштери саат 14:00гө чейин улантылат.