Аксыда нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрдү

Аксыда нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрдү

Белгилүү болгондой, сел кырсыгы кечээ 5-август күнү кечки саат 20:00дөр чамасында райондун Кара-Суу айылында орун алган. ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан билдиргендей, ушул тапта райондук жарандык коргонуу коммисиясы жеринде тактоо жумуштарын алып барып жатышат.

«Кара-Камыш айыл аймагынын алыскы тоолоруна жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу айылындагы Кезарт сел сайынан жана Чалдыбар айылындагы жолдун 800 метр аралыгындагы жолдун 7 тилкесине болжол менен 120 куб таш шагылдар түшкөн. Аны менен бирге кыян Кез-Арт айылындагы сел сайдан да агып өткөн. Ушул тапта жеринде кырсыктын кесепеттери жоюлуп, тактоо иштери алынып барылууда»,-деп айтылат мекеме берген маалыматта.