“Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты Б. Кубатовдун кайрылуусун кароо жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVII– сессиясынын

 

  Жаңы-Арык айылы                 № 3 Т О К Т О М У                         5-март  2024-жыл 

“Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты Б. Кубатовдун кайрылуусун кароо жөнүндө” 

Бүргөндү айыл аймагында улуттук оюндарды өнүктүүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында Келечек каналынын түндүк батыш тарабындагы азыркы күндү аламан улак жана көк бөрү ойнотулуп келген жайыт жерин атайын ат майданына ажыратып тиешелүү иш кагаздарын бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз  XXVI – сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

       1.Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты Б. Кубатовдун кайрылуусу эске алынсын. 

  1. Бүргөндү айыл аймагында улуттук оюндарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында Келечек каналынын түндүк батыш тарабындагы азыркы күндө аламан улак жана көк бөрү өтүп жаткан жайыт жерин атайын ат майданына ажыратып тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жана тиешелүү органдарга кайрылуу жагы жер адиси Ч. Усен уулуна жүктөлсүн. 
  1. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарын мыйзам чегинде айыл өкмөт балансына алуу үчүн иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин. 
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.

 Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                        А. Кубатбеков