Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы салтанаттуу белгиленди
Жалал-Абадда залкар акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Саамалыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, «Түрксой» уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана шаар тургундары катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Барпы Апыздын басып өткөн жолу, адабияттагы орду тууралуу кыскача белгиледи. Ошондой эл ал, акыркы жылдары облус аймагында жана Жалал-Абад шаарында социалдык-экономикалык, инфраструктуралык өсүүлөр орун алып жатканына токтолду. Мындан сырткары алдыда ишке ашырылуучу ири долбоорлорду атап өттү.
Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына жыйырмадай боз үй тигилип, келген конокторго алп акындын өмүр-чыгармачылыгынан сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды. Андан сырткары саамалыктын жүрүшүндө облустагы өндүрүштүк мекемелерде чыгарылган продукциялардын жана тамак-аш жарманкеси уюштурулду. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө келген коноктор үчүн концерттик программа тартууланды.