Жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан, зордук-зомбулуктан тороо аракеттери жүрүп жатат

Жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан, зордук-зомбулуктан тороо аракеттери жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарында  жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда профилактикалык иш-чаралар өтүүдө.  Ага мэрдин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, аймактык башкармалыктардын башчылары, милиция кызматкерлери, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын алкагында окуучуларга  зордук-зомбулук, мектеп рекетчилиги, кылмыштуулуктун алдын-алуу жана болтурбоо максатында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган түшүндүрүү иштери шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде өткөрүлмөкчү.