Ошто 3 эмдүү болгон чаткалдык үй-бүлөгө турак жай куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнүп берилүү пландалууда
Мындай маалыматты райондун Каныш-Кы айыл аймагынын башчысы Шекер Жумабекова билдирди. Анын айтымында сөз болуп жаткан үй-бүлөнүн 3 эмден сырткары дагы 3 перзенти бар болгону менен өздөрүнүн турак жайы жок.
“Биздин айыл аймактын Айгыр-Жал айылынын 39 жаштагы тургуну Назгүл Жээнтаева үч эм кыздарды төрөгөн. Кечээ 14-январь күнү район акими Алтынбек Сеңирбаев баш болуп кабар алып кайтканбыз. Жаш үй-бүлөгө сүйүнчү катары райондук мамлекеттик администрациясынын атынан 300 миң сомдук, ал эми Каныш-Кыя айыл аймагынын атынан 150 миң сомдук сертификаттарды тапшырышып, наристелерге керектүү буюмдарды алып бердик. Мындан сырткары ымыркайлар бүгүн төрөт үйүнөн чыгарылат экен, мындан улам алар торолуп алганча Ош шаарында убактынчалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу үчүн батир ижарага алынды, анын ижара акысын убактынчалуу биз жергиликтүү бюджеттен кол кабыш кылып турабыз.
Негизи бул үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарында турат, 6 балалуу жаш үй-бүлөнүн өздөрүнүн үйү жок болгондуктан кайын журту менен бирге турат. Алар үчүн өзүнчө турак жай куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүп берүүнү пландап, жергиликтүү кеңешке сунуштап жатабыз, депутаттар колдор берсе, балдар үчүн каражат бөлүп берүү планыбыз бар”,-дейт айыл өкмөт башчы Шекер Жумабекова.
Эске салсак, 2026-жылдын 2-январында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүндө Каныш-Кыя айыл аймагынын 39 жаштагы тургуну Назгүл Жээнтаева 3 эм кыз наристелерди жарыкка алып келген. Турмуш басылмасы наристелердин бирине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин апасы ысымы коюлганын жазган. Ымыркайлардын алмактары 3 кг, 3 кг 40 грамм жана 3 кг 360 грамм болгон болчу.




