Некролог: Манаста Самидин Райымбеков акыркы сапарга узатылды

Некролог: Манаста Самидин Райымбеков акыркы сапарга узатылды

 Маркум 78 жашта болчу. Ал социалдык коргоо тармагында көп жылдан бери иштеп,  эмгеги сиңгенин анын кесиптеши, Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы  Назира Жакыпова айтты.  

Маалым болгондой, С.Райымбеков 1998-жылдан 2010-жылга чейин ошол кездеги Жалал-Абад  шаардык калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы кызматын аткарган.

2010-жылдан тартып катардагы кызматкер катары эмгектенип, 2017-жылы  өз каалоосунун негизинде  ээлеген кызмат ордунан бошотулган болчу.