Аксы окуясынын 24 жылдыгы эскерилди

Аксы окуясынын 24 жылдыгы эскерилди

Бүгүн, 17-март күнү, Аксы районунун Боспиек айылыннын тушунда  2002-жылы орун алган коогалаңда каза болгондор эскерилди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Айсара Абдибаева , Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Тилек Текебаев , райондук мамлекеттик администрация башчысы- аким Максатбек Саргазаков ,   райондун мекеме-ишканаларынын жетекчилери, район тургундары жана каза болгон жарандардын жакындары катышты.  Иш-чарада сөз сүйлөгөндөр Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланарын белгилешти. Ошондой эле өлкө бүтүндүгү, элдин эркиндиги үчүн өз жанын аябаган Аксылыктардын эрдиги эч качан унутулбастыгы айтылды.  

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.

Эске салсак, 2002-жылдын 16-17-март күндөрү орун алган Аксыдагы коогалаңда 6 киши окко учуп, 20дан ашууну жараат алган.

Абдымомун Калбаев

"Акыйкат"