Аксынын Үч-Коргон айыл аймагында балдар үчүн оюн-зоок, сый тамак уюштурулду

Бул тууралуу, аталган айыл аймактын башчысы Маматысак Жапаров билдирди. Анын айтымында саамалык 1-июнь Балдарды коргоо күнүн утурлай уюштурулган.
«Майрамды утурлай айылыбыздагы Н.И. Мешков атындагы эс алуу багында майрамдык салтанат уюштурдук. Ага айылыбызда жашаган ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 20 баланы жана ата-энесинен ажырап, туугандарынын камкордугунда жүргөн 8 баланы чакырып, аларга оюн-зоок уюштуруп, айыл өкмөттүн атынан белектерди тапшырып, сый тамак уюштуруп, жакшы маанай тартууладык»,-дейт айыл өкмөт башчы.