Тогуз-Тородо хоккей ойноочу аянтчасы ачылды
Райондо кышкы туризмди жана спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү максатында Казарман айылында узундугу 60, туурасы 35 метр болгон хоккей ойноочу аянтчасы ачылды. Бул туурасында райондук мамлекеттик администрациядан билдирди. Алар билдиргендей муз аянтчасынын ачылышы кечээ 11-февралда болгон.
Иш чарага район акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Жарбашов, Хоккей федерациясынын президенти Турдаалы Аскарбеков, райондук О.Чопиев атындагы балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин хоккей боюнча командасы, машыктыруучулары, айылдык кеңештин төрагалары Таалайбек Токтоболотов, Урмат Токтожумаев мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Хоккей аянтчасын ачып жатып район акими, бул аракет бүтүндөй район эли үчүн жакшы жышаан жана кышкы спорттун түрү боюнча аренага чыгууга мүмкүнчүлүктөр жаралды деп баса белгиледи. Куттуктоо сөздөрдөн соң Аким Манас Мураталиев хоккей оюнунун расмий ачылышына старт берди.
Маалымдалгандай аталган аянтчаны жергиликтүү бюджеттин жана Тогуз-Торо равйондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.