Жалал-Абад облусу өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды
Өткөн 2023-жылдын январь-декабрь айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусу боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү жөнүндө
маалымат бул жолу доклад түрүндө эмес видео ролик аркылуу көрсөтүлдү.
Маалыматта төмөнкүдөй баяндалат: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2021-жылдын 23-декабрындагы №76 токтому кабыл алынып, облустун 2026-жылга туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программасы жана 2022-2026-жылдарга 21 бөлүмдөн, 173 пунктардан турган иш чаралар планы бекитилип, аткарууга алынды.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2023-жылдын 14-февралындагы №37-б буйругу менен облустун 2023-жылга карата жалпы 14 тармактарда 96 пункттардан турган иш-аракеттер планы бекитилип, коюлган пландагы иш аракеттердин дээрлик бардыгы аткарылды.
Жогорудагы белгиленген программаны жана иш чаралар планын жана 2023-жылдын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, раймамадминистрациялар, мэриялар, мекеме-уюмдар, ишканалар, ишкерлер жана айыл аймактары менен биргеликте, бир топ уюштуруу иштерди аткарышты.
Анын натыйжасында облуста 2023-жылдын январь-декабрь айында салыштырма баада:
- өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси -108,8 %;
- айыл чарбасынын өсүү темпи салыштырмалуу баада -101,8%;
- негизги капиталга инвестицияларды тартуу – 91,8%;
- автотранспорт менен жүк ташуу -109,6%;
- жүргүнчүлөрдү ташуу -105,9%;
- рыноктук кызматтардын көлөмү -113,9%;
- чекене товар жүгүртүү -111,6%;
- акылуу кызмат көрсөтүү -104,3% аткарылды.
Жалал-Абад облусунда Өнөр жай,айыл чарба, капиталдык курулуш,транспорт, тышкы соода, бюджеттин аткарылышы, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарындагы өзгөрүүлөр тууралуу аналитикалык материалдар менен Жалал-Абад облустук "Акыйкат" гезитинин кийинки санында кенен токтолобуз.
Эскерте кетсек облустук коллегияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов,облус башчы Абсаттар Сыргабаев баштаган облустук мекеме ишканалардын жетекчилери,район-шаарлардын аким,мэрлери жана айыл аймак башчылар катышты.