Жалал-Абад облусундагы социалдык маселелер талкууланды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Винера Раимбачаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Жалал-Абад облусундагы социалдык көйгөйлөрдү талкуулаган жыйын өткөрдү.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Билим берүү, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, облустагы мекеме-ишканалардын башчылары, район,шаарлардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары төрт күн аралыгында Жалал-Абад шаары жана Сузак районундагы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданий мекемелердин абалы менен жеринен таанышып чыкканын белгилешип, мында негизинен эскилиги жеткен социалдык мекемелердин имараттарын жаңылоо зарылдыгын айтышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Жалал-Абад шаарында жайгашкан облустук китепкана, балдардын көркөм сүрөт жатак мектеп имаратынын азыркы абалына токтолуп, облустагы негизги маданий мекемелерге көңүл буруу керектигин айтты. Ага катар кызматкерлерге бюрократиялык тоскоолдуктарга жол бербөө, калктын муктаждыктарын камсыздоодо жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырды.
Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы социалдык тармакта иш алып барган бир катар кызматкерлер Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, “Жогорку Кеңешке 85 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы