Тогуз-Торонун калкы үчүн 6,5 млн сомго флюрография аппараты сатылып алынды

Райондогу Аманкан Жакишов атындагы Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунда буга чейин мындай аппарат жоктугунан анализдер жана бейтаптар Бишкекке жөнөтүлгөнүн аталган медициналык мекеменин директору Дурия Абдылдаева билдирди.
«Буга чейин райондо флюорография аппараты болгон эмес. Акыркы жолу мындан 10 жыл мурун атайын аппарат жайгашкан автобусту районго чакырып, жашоочуларды текшергенбиз. Андан бери 2011-жылы жөн гана рентген аппаратын сатып алып итетчүбүз, бирок ал менен өпкөнү гана тартып, анын жабыркаганын тактай алчу эмеспиз. Тагырагы туберкулёзго шектелген бейтаптарга так диагноз коё албай, анализдерди же бейтаптардын өздөрүн Бишкек шаарына жөнөтчүбүз. Бүгүнкү күнү пайдаланууга берилген заманбап флюорография аппараты оорукананын жана республикалык бюджеттен каржыланып, 6 млн 400 миң сомго алынды. Өз кезегинде бул жабдуу жарандары медициналык кароодон өткөрүүдө, оорулардын эрте диагнозун табууга жана аларды өз убагында дарылоого шарт жаратат"- деди Дурия Абдылдаева.
Эске салсак, Тогуз-Торо районунда 24 миңден ашык калк жашайт.