Ала-Букада мульти-диагностикалык көчмө клиника калк саламаттыгын акысыз текшерүүдө

Ала-Букада мульти-диагностикалык көчмө клиника калк саламаттыгын акысыз текшерүүдө

Ала-Букада мульти-диагностикалык көчмө клиника калк саламаттыгын акысыз текшерүүдө. Мындай маалыматты район акимдин орун басары Жанарбек Токтогулов билдирди.  Анын айтымында аталган көчмө клиника район аймагында 3 ай иш алып барып, анда кичи операциялар жасалат.
" Көчмө клиника Ала-Бука айыл аймагындагы Т.Балтагулов метебинин стадионунда жайгашты. Мында  кардиолог, терапевт, окулист, невропотолог, гинеколог, хирург, уролог, гастроэнтеролог, ЛОР, стоматологдор калк саламаттыгын акысыз текшерүүдөн өткөрөт. Мындан сырткары адистер жеринде көзгө, кичи хирургиялык, урологиялык операцияларды жасашат",-деди Ж. Ткктогулов. .
Кошумчалай кетсек, аталган долбоор Islamic Development Bank тарабынан каржыланып, Normeca International тарабынан башкарылат.