Жалал-Абад облусунун аймагында жүзүн жашырып жүргөн 151 жарандарга айып пулдар салынды

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Белгилүү болгондой, анын ичинен кырдаалдык борборго туташтырылган камералардын жардамы менен 5 жаранга протокол толтурулуп, айып пулдар салынган.
Бүгүнкү күндө 1 миллион 740миң сом мамлекеттин эсебине өндүрүлдү.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жапкан кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.
Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.