Ноокенде диний экстремисттик үгүттөө иштери боюнча 3 жаран кармалды

Ноокенде диний экстремисттик үгүттөө иштери боюнча 3 жаран кармалды
2026-жылдын 29-январдан 31-январга чейинки аралыкта Ноокен РИИБдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн, “Экстремист” аталышындагы алдын алуу иш-чарасынын натыйжасында, Ноокен районунун аймагында белгисиз жарандар тарабынан диний экстремисттик багыттада материалдар таркап жаткандыгы боюнча маалыматтар алынган.
Аталган факты Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестринине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таркатуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, Ноокен районунун 1973-ж.т. Р.К. жана 1979-ж.т. А.Я., 1985-ж.т. И.Ю. аттуу жарандар аныкталып, алардын ар биринин үйлөрүнө тинтүү жүргүзгөн учурда жалпы 7 даана уюлдук телефон, 1-даана планшет, 1-даана ноутбук, 26 даана диний экстремисттик агымдарга таандык китептер, 4 даана DVD диск жана башка буюмдар далил катарында алынган.
Алынган далил буюмдарга карата, соттук-лингивистикалык экспертизалары дайындалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.