Бишкек-Ош унаа жолунда мазут жүктөп келе жаткан бензавоз оодарылып, Нарын дарысына мазут төгүлдү

Бишкек-Ош унаа жолунда мазут жүктөп келе жаткан бензавоз оодарылып, Нарын дарысына мазут төгүлдү

Жол транспорт кырсыгы бүгүн 14-январда саат 10дор чамасында унаа жолдун Күрпсай айылындагы көпүрөдө болгонун окуянын күбөлөрү билдирди. Мындан улам жолдогу кыймылга 1 сааттан ашык чектөө кирген. Ушул тапта, жол бир тараптуу ачылып жолго төгүлгөн мазуттун үстүнөн унаалар өтүп жатат.

Белгилүү болгондой, күйүүчү зат жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа Бишкекте Ош багытын көздөй бара жатып көчүрөдөн башкаруусун жоготуп оодарылган.

Аталган жол кырсыгы боюнча Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсузлугун камсыздоо бөлүмү маалымат такталып жатканын билдирди. Азырынча канча тонна мазут Нарын дарыясына төгүлгөнү белгисиз.

Ал эми, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Дурусбек Залимбеков окуя болгон жерге эколог адистер жөнөп кеткенин, алар суудан пробалар алынып, зыяндын өлчөмү аныкталган соң тиешелүү жактарга админтсративдик протоколдор толтурулуп, айып пул салынаарын айтты.  

Кошумчалай кетсек, аталган Нарын дарыясындагы сууну Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай шаарларынын жана Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын калкы ичүүчү жана сугат суу катары пайдаланат.