Жалал-Абадда быйыл жыл башынан бери 6 киши сууга чөгүп каза болду

Жалал-Абадда быйыл жыл башынан бери 6 киши сууга чөгүп каза болду

Мындай маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан ырасташты. Белгилүү болгон, каза болгондордун үчөөсү 14 жашка чейинки балдар.
“Ушул жылдын 14-июнь күнү Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылынын 2013-жылы туулган тургуну Ө. Н сууга чөккөнү боюнча маалымат түшүп, куткаруучулар анын жансыз денесин ошол эле күнү кечке маал Ноокен районунун аймагынан суудан таап, тез жардам кызматына өткөрүп берген.
Жыл жаңыргандан бери дубанда 6 киши сууга чөгүп каза болду, анын үчөөсү балдар”,-деп айтылат мекеме берген маалыматта.
Ушул тапта КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык түзүмдүк бөлүктөрдүн арасында сууга түшүүчү аймактарга көлмөлөргө агын сууга түшкөн жаш балдарга сууга түшүүгө болбой деген белгилер орнотулуп түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Кошумчалай кетсек, өткөн 2024-жылы облус аймагында 11 адам сууга чөгүп көз жумган.