Жалал-Абадда 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы орун алып, жараат алгандар бар

Жалал-Абадда 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы орун алып, жараат алгандар бар

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, жол транспорт кырсыгы 25-июнда түнкү 00:10 чамасында калаадагы Түмөнбай Байзаков проспектиси менен Барпы Сейил көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү да ырастап, кырсыктан 3 киши бейтапканага кайрылганын маалымдады.

«Т.Байзаков проспектиси менен Барпы-Сейил көчөлөрүнүн кесилишинде светофрдун сары белгиси жанганда Барпы айылынын 1991-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы «Деу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасын түштүктөн түндүккө карай айдаган учурда, Сузак районунун Комсомол айылынын 2004 – жылы туулган тургуну башкарган «Лесус-570» үлгүсүндөгү автоунасы менен батыштан чыгышка светофор жашыл белгиси жанганда айдап Деу-Матиз менен сүзүшүп, ал унаанын артында турган калаанын Спутник кичи шаарчасынын 1991-жылы туулган тургунунун башкаруусунда болгон «Тойота-Хариер» үлгүсүндөгү унааны жана Ладан-Кара айылынын 1989-жылы туулган тургунун башкаруусундагы «Хонда-Аккорд» үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон. Натыйжада «Деу-Матиз» автоунасынын айдоочусу, «Тайота-Хариер» жана «Хонда-Аккорд» автунааларынын жүргүнчүлөрү облустук бейтапканадан жардам алып чыгып кеткен»,-деп айтылат маалыматта.