Россиянын аймагында эмгектенген кыргызстандык мигранттардын эсине

Россиянын аймагында эмгектенген кыргызстандык мигранттардын эсине

Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдык абалын жөнгө салуу кадамдары боюнча эскертме

Россия Федерациясынын Президентинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №272 Жарлыгы менен Россияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жүрүүсүн мыйзамдаштырууга берилген мөөнөт 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылды.

Россияда жүргөн кыргызстандыктар Россиянын аймагынан чыгып кетүүгө же чыкпай туруп өздөрүнүн укуктук абалын  жөнгө салууга милдеттүү экенин эскертебиз!

КРнын жарандары өздөрүн РФнын ИИМнин mvd.ru расмий сайтынан мыйзамсыз жүргөн жарандардын тизмесинен текшерип, эгерде өздөрүн тизмеден тапса, Россияда убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү арыз менен РФнын ИИМнин миграция суроолору боюнча аймактык бөлүмдөрүнө иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн тиркеп кайрылуу керек (миграциялык картанын арткы бетине Россияда болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө белги койдурууну эскертебиз). Ошондой эле, медициналык кароодон, манжалардын издерин тапшыруу жана сүрөткө тартуу процедураларынан өтүп, милдеттүү төлөмдөрдү төлөө керек. Карыздарды  fssp.gov.ru расмий сайттан текшерсе болот.

Арыз менен кайрылган учурда жарандарга административдик штраф белгиленет жана аларга карата административдик чыгаруу чечимдери кабыл алынбайт.

Урматтуу мекендештер, келген өлкөнүн мыйзамдарын сактап, каада-салттарын жана үрп-адаттарын сыйлап, берилген мүмкүнчүлүк менен пайдаланып, укуктук абалыңыздарды жөндөп алууга тиешелүү аракеттерди көрүүгө чакырабыз. 2025-жылдын 10-сентябрына чейин берилген мөөнөт - акыркы мүмкүнчүлүк жана андан ары узартылбайт. 

Суроолор боюнча КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек: Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп. 5, (метро Полянка). тел.: ‪+7 996 968 98 97‬ (күнү-түнү иштейт); ‪+7 925 030 26 27‬ (дүйшөмбү-жума, 09:00-18:00 МСК).