Жалал-Абад: ишкерлерге жашы жете электерге спирттик ичимдиктерди сатпоо сунушталды
Жалал-Абад облусунда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, спирттик ичимдиктерди жана психотроптук заттарды мыйзамсыз пайдалануунун алдын алуу, ошондой эле коомдук жайлардагы тартипти күчөтүү маселелерине арналган жыйын болуп өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, укук коргоо органдарынын жетекчилери, ошондой эле Манас шаарындагы кафе-ресторандардын, соода түйүндөрүнүн жана көңүл ачуучу жайлардын ээлери катышты.
Жыйындын максаты, акыркы учурда жашы жете электерге карата жасалган зордук-зомбулук фактыларына байланыштуу алдын алуу чараларын күчөтүү жана ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Жыйында Манас шаарындагы кафелердин биринде кафе администрациясы тарабынан жашы жете элек өспүрүмгө карата жасалган зобулук окуя мисал катары келтирилип, мындай жагдайлардын кайталанбашы үчүн чараларды күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Нурлан Эрматов ишкерлерге мамлекет тарабынан негизсиз тоскоолдуктар жок экенин айтып, ошол эле учурда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эске салды.
Ошондой эле ишкерлерге жашы жете электерге спирттик ичимдиктерди сатпоо, камераларды орнотуу, коопсуздук кызматын уюштуруу жана коопсуздук баскычын орнотуу боюнча сунуштарды берип, профилактикалык иштерди күчөтүү жана өз ара координацияны жакшыртуу зарылдыгы эскертти.





