“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 2027 “Бүргөндү” чек ара заставасына ашкана куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

Жаңы-Арык айылы                         14-ТОКТОМУ                                28-август  2023-жыл 

“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 2027 “Бүргөндү” чек ара заставасына ашкана куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө 

            “Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан № 2027 “Бүргөндү” чек ара заставасына ашкана куруу” долбооруну ишке ашыруу максатында айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы. 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Бүргөндү айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловдун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан № 2027 “Бүргөндү” чек ара заставасына ашкана куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматы  эске алынсын жана артыкчылыктуу долбоор деп табылсын.

  1. Ноокен райондук өнүктүрүү фондунаБүргөндүайыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан № 2027 “Бүргөндү” чек ара заставасына ашкана куруу” долбоорун ишке ашыруу жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бүргөндү  айыл өкмөтүнүн башчысы  Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин. 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                  А.К.Кубатбеков