Эгемендүүлүк күнү Жалал-Абадда 2 миңге жакын милиция кызматкери «жогорулатылган» күжүрмөн тартипте иштейт (сүрөт баян)

Мындай пикирди Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов майрам алдында облус аймагындагы коопсуздук чараларын текшерген жыйын учурунда айтты.
Белгилүү болгондой, бул жылы 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Бул майрамдык иш-чаранын алкагында бир катар ири социалдык жана инфраструктуралык объекттердин ачылышы күтүлүүдө.
Мындан улам Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад облусунун аймагында көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын жеринен текшерип, кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди. Салтанаттуу майрам учурунда ар бир кызматкер өзүнө бекитилген аймагында ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөп, коомдук тартипти көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин эскертти. Ошондой эле эл көп чогулган жерлерде кыраакы болууну, мыйзам бузууларга жол бербөөнү жана кырдаал тууралуу жетекчиликке үзгүлтүксүз маалымат берип турууну тапшырды.
«30-августтан 1-сентябрга чейин Жалал-Абад облусунда 2000ге жакын милиция кызматкери “Жогорулатылган” күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөйт»,-дейт министрдин орун басары.