Жалал-Абад шаары акыркы Ата Мекендик согуштун ардагерин узатты

Жалал-Абад шаары акыркы Ата Мекендик согуштун ардагерин узатты

     Улуу-Ата Мекендик согуштун ардагери, Жалал-Абад шаарынын тургуну Сафин Гаффон Вильданович 99 жаш курагында  каза болду.  Ал 1925-жылы  Башкыр АССРинин  Мендяновка кыштагында туулган. Төрт жашында жетим калып, Ташкенттеги балдар үйүндө тарбияланды. Он жети жашында Улуу - Ата мекендик согушка чакырылып, адегенде сегиз айлык даярдоо курсунда болгон. Ал, аба дивизиясына туш болуп, механик катары  кыркка жакын самолётту башкарган. Согуш аяктагандан кийин 1954-жылы Жалал-Абад шаарына келет. Эмгек жолун шаардагы кыш заводунда улап, ардактуу эс алууга чыкканга чейин ушул заводдо иштеген. Согуштагы эрдиктери үчүн  Жуков жана Кызыл Жылдыз, Улуу Ата мекендик согуштун экинчи даражасындагы орден, Ата мекендик согуш  медалдары менен сыйланган.

 Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Жалал-Абад шаарында өтүп, ага Россия Федерациясынын Оштогу консулдугунан,  КРнын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынан, шаардык мэрия жана шаардык кеңештен, шаардык ардагерлер кеңешинен, маркумдун үй-бүлөсү жана жакындарынан  өкүлдөр катышып, аны акыркы сапарга узатуу сөздөрүн айтышты.

 “Акыйкат”