Манас шаарында КМШ чек ара аскерлеринин кеңешинин 91-отуруму өтүүдө

Манас шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин (ЧАКК) 91-отуруму өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Отурум Россия Федерациясынын ФКК директорунун биринчи орун басары – Чек ара кызматынын жетекчиси, армиянын генералы Владимир Кулишовдун төрагалыгы алдында өтүүдө.

Иш-чарага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун делегациялары катышууда. Ошондой эле КМШ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлеринин эл аралык союзу да катышып жатат.

Бул жолку жыйындын өзгөчөлүгү — ага Кыргызстандын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдук жана Согди облустарынын жетекчилери да катышууда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев отурумду ачып жатып, бул жыйын КМШ өлкөлөрүнүн жамааттык коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойноорун белгиледи.

«Биз глобалдык өзгөрүүлөр доорунда жашап жатабыз. Сырткы коопсуздукка болгон коркунучтар өлкөлөрүбүздүн чек араларында туруктуулукту камсыздоо үчүн узак мөөнөттүү пландаштырууну талап кылууда», — деди генерал-полковник Ташиев.

Ал ошондой эле санариптештирүүнүн, маалымат алмашуунун жана чек ара кызматтарынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүнүн маанисин белгилеп, учкучсуз аппараттардын жана технологиялык жаңычылдыктардын чек ара коопсуздугун бекемдөөдө маанилүү экенин кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев да жыйындын катышуучуларына кайрылып, мындай форматтагы жолугушуу коңшулук мамилелерди чыңдоого жана аймактык коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты.

«Жалал-Абад облусу — өлкөлөрүбүздү бириктирген маанилүү соода жана транспорттук багыттар өтүүчү аймак. Бүгүнкү жыйын биздин чек араларда ишенимди жана тынчтыкты чыңдоого салым кошот деп ишенем», — деди Текебаев.

Жыйындын күн тартибине ылайык, катышуучулар КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларындагы абал боюнча докладдарды угуп, 2025-жылдагы иштерди талкуулап, 2026-жылга карата багыттарды аныкташат. Ошондой эле терроризмге, баңгизат трафигине жана кибер коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча маселелер да каралууда.