УКМКнын полковниги Эркин Маканбаев акыркы сапарга узатылды

УКМКнын полковниги Эркин Маканбаев акыркы сапарга узатылды

УКМКнын полковниги Эркин Маканбаев өзү туулуп өскөн Сузактын Кызыл-Сенир айылында жерге берилди. Ага  Министрлер Кабинетинин орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев, Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Эрматов, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров маркумдун кесиптештери, айылдаштары катышты. 
Ал 11-декабрда көз жумган. 
Эркинбек Маканбаев 1972-жылы Жалал-Абад
облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-
Сеңир айылында туулган. 1994-жылы Ош
жогорку технологиялык колледжин, 2015-жылы
Ж. Баласагын атындагы КУУнун
магистратурасын юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
Улуттук коопсуздук органдарындагы кызматын
2001-жылы баштап, 2025-жылга чейин ар кандай ыкчам жана жетекчи кызматтарда
эмгектенди.