ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгындагы өзгөрүүлөр

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгындагы өзгөрүүлөр

Өткөн 2022-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында мамлекет тарабынан  жаңы, заманбап 38 даана техника бөлүнүп берилген. Алар, өрт өчүрүү  куткаруу жумушуна жана өзгөчө кырдаалдардын алдына алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн пайдаланылат. Заманбап техникалар куткаруу иштеринде өз натыйжаларын берүүдө.

 

Тактап айтканда аталган техникалардын жардамы менен Жалал-Абад облусунун аймагындагы сел жүрүү коркунучу бар делген 35 обьектиде атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында учурда атайын техникалардын көмөгү менен селдин алдын алдын алуу максатында каналдарды тазалоо иштерди башталганын Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн улук офицери Нурсултан Маданов билдирди. Ал билдиргендей 2024-жылга карата адистердин божомолу боюнча облус аймагында сел жүрүү коркунучу бар делген 35 объект бар. Ал жайларда кырсык боло турган болсо 1445 турак үй, 6 ички чарбалык жол 14 социалдык обьектини суу басышы мүмкүн. Бирок аны болтурбоо үчүн атайын буйруктун негизинде алдын алуу иштери жүрүүдө. Алсак, ушул тапта Сузак районунун Кедей-Арык айылында жайгашкан сел каналдын 800 метр аралыгы тазаланып жатат. Эгер жаз мезгилинде жаан-чачындан улам сел каптаса айылдагы 40 турак үйдүн короосу, 1 мектеп жана мечит андан сырткары 40 гектар айдоо аянтын суу каптоо коркунучу бар. Азыркы тазалоо жумуштарында министрлик тарабынан берилген жаңы техникалардын жана заманбап шаймандардын жардамы чоң болууда. Буга чейин техникалар жетишсиз болуп, айрым техникалар жумуш учурунда бузулуп калып, тоскоолдук жаралып келгенин кошумчалады - офицер  Нурсултан Маданов.

Ал эми жаңы алынган өрт өчүрүү жана куткаруу автоунаалары да акыркы үлгүдөгү техникалар. Алардын  суу сыйымдуулугу да бир топко жогору.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, өткөн 2023-жылы Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан  3 миллион сомго жакын каражатка куткаруу учурунда пайдалануучу жабдуулар сатылып алынган.

"Акыйкат" гезитинин расмий сайты