Жалал-Абадда Ооган согушунда курман болгондор эскерилди
15-февраль - Советтик Аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылган күнү катары ар жылы майрамдалып келет. Тарыхтан маалым болгондой ал согуш 1979-жылы башталып, 1989-жылга чейин созулган. Ооган согушуна алты жүз жыйырма миң советтик аскер катышкан. Мындан отуз беш жыл мурда аяктаган окуянын жарааты дагы деле кете элек. Интернационалдык милдетин аткарган жоокерлерибиз ар дайым сый-урматтын үстүндө.Өткөн жумада облустагы Ооган согушунун ардагерлерине сый-урмат көрсөткөн иш чара өттү. Адегенде КРнын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баш болгон шаар-район жетекчилери, облустагы Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана ардагерлери, облустук Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү колдоруна гүлчамбарларды көтөрүшүп, Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш сейил багында Ооган согушунда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке барышты.
Ошол кагылыштарга облустан эки миңге чукул жоокер катышып, 27си кайтпай калды. Бир жарым миңге жакыны ар кандай жаракаттарды алышкан. Азыркы кезде арабызда 916 Ооган согушунун ардагери жашап жатат. Аларга мамлекет тарабынан ар тараптуу камкордуктар көрүлгөн.
Мындай маанилүү күндү атайын белгилеп, ооганчылардын эрдиктерин даңазалоо, жаш муундардын Мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп, тарбия-таалим берүү мамлекеттин негизги максаты экенин КРнын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев салтанаттуу жыйында белгиледи.
Тарыхыбызда согуш илебин сезип, Ата журтубуздун башына келген мүшкүлдү жүрөгү менен өткөргөн коомчулугубуз интернационалист жоокерлерге ар дайым урмат-сый менен мамиле кылып жатканын республикалык Ооган ардагерлери кеңешинин өкүлү Календер Азимов да белгилеп кетти. Облустук Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Толубай Энназаров жана башкалар сөз алышты. Облустук деңгээлде өткөн бул иш чарада бир катар ардагерлер КРнын Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, КРнын Президентинин облустагы өкүлчүлүгүнүн, облустук Ардагерлер кеңешинин жана башка мекеме-ишкана,уюмдардын сыйлыктарын алышты.
Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад облусунун аймагындагы жергиликтүү бийлик тарабынан ардагерлерге жалпы 2 млн 437 миң сомдон ашуун акча каражаты бөлүндү. Мындан сырткары ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 155 миң сом акча каражаты ажыратылган.
Бактыкан Ажымаматова, “Акыйкат”