Тилек Текебаев шайлоого карата даярдыктарды толук камсыздоону тапшырды

Тилек Текебаев шайлоого карата даярдыктарды толук камсыздоону тапшырды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул районуна иш сапары менен барып, онлайн форматта бардык район жана шаар жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда алдыдагы шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктардын жүрүшүн талкуулады.
Жыйында облус аймагындагы шайлоо участкаларынын даярдыгы, шайлоо күнү үзгүлтүксүз электр энергиясы жана интернет байланышы менен камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, коопсуздукту камсыздоо, медициналык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттарды түзүү маселелери каралды. Ыйгарым укуктуу өкүл жетекчилерге бардык даярдык чараларын толук жана өз убагында аткарууну тапшырды.
Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүл Токтогул шаарындагы №2238 жана №2236 шайлоо участкаларына барып, даярдык иштерин жеринен текшерди. Айрым кемчиликтерди белгилеп, тийиштүү тапшырмаларды берди. Токтогул районунда жалпы 35 шайлоо участкасы болуп, 66 453 шайлоочу катталган.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт. Ага карата Жалал-Абад облусунда 460 шайлоо участкасы даярдалган. Облус боюнча жалпы 796 756 шайлоочу катталган.