БШК мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө даяр

БШК мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө даяр

БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даяр экенин билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, быйыл эле мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал 2-сентябрда “Азаттыкка” берген маегинде айтты.

Анын айтымында, мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин кезектеги шайлоосу 2026-жылдын ноябрында өтүшү керек. Ошол эле учурда президенттик шайлоо 2027-жылдын январына белгиленген.

“Эгер парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтсө, анын жыйынтыгын чыгарып, мүмкүн болгон соттук талаштар декабрга чейин созулуп кетиши ыктымал. Ал эми январда президенттик шайлоо өтүшү зарыл. Натыйжада парламенттик шайлоо аяктабай жатып, президенттик шайлоонун үгүт иштери башталып кетиши мүмкүн”, — деди Шайназаров.

Акыркы күндөрү коомчулукта Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркап, жаңы шайлоо дайындалышы мүмкүн деген маалыматтар кызуу талкууга алынууда.