Манаста “Кан Манастын кырк чоро” китебинин бет ачаары болду

Манаста “Кан Манастын кырк чоро” китебинин бет ачаары болду

Бүгүн, 25-ноябрда Манас шаарынын мэриясында, “Манас” улуттук академиясынын “Кан Манастын кырк чоро” китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Иш-чарага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Манас шаарынын депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, “Манас” улуттук академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Назира Аалы кызы баштаган академиянын өкүлдөрү, шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө шаар мэри Эрнисбек Ормоков: "Бул китеп – жөн гана чыгармалар жыйнагы эмес, бул дүйнөнү аралап өткөн Манас даңкынын, кыргыз элин биримдикке чакырган мурастын, унутулгус баатырдык салттын дагы бир терең изилдениши десек туура болот,"-деп баса белгилеп, китептип даярдаган "Манас" улуттук академиясынын эмгек жамаатына ыразычылык билдирди.

Ал эми аталган академиянын президентинин милдетин аткаруучу Назира Аалы кызы шаар мэри Эрнисбек Ормоковго төш белги жана китеп тапшырып, өз ара кызматташтык алдыда улана тургандыгын билдирди.