Бүгүн, 7-августта Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди кабыл алды.
Жолугушуу учурунда тараптар Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, инфраструктураны жакшыртуу багытында жүрүп жатка курулуштар, медицина, билим берүү тармагы боюнча кеңири сүйлөшүшүп, кызматташтык боюнча пикир алмашышты.
Калаа башчысы эки элдин ортосунда кылымдар бою сакталып келе жаткан бекем достук мамилени мындан ары да өнүктүрүүгө тилектештигин билдирди.